Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатынан кайтып келди

Спорт Загрузка... 31 Март 2025 12:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатынан кайтып келди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Иорданиянын Амман шаарында өттү.

Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алды.

Эске салсак, 76 кг чейинки салмакта катышкан Айпери Медет кызы алтын медалга жана 62 кг чейинки салмак категориясында Калмира Билимбек кызы коло медалга ээ болушкан.

Улуттук курам башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Нурдин Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.