ШКУнун 25 жылдыгы: Кыргызстанда өтө турган саммитке даярдыктар талкууланды

Саясат Загрузка... 05 Февраль 2026 10:05
WhatsApp_Image_2026_7shXZzT.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2026-жылы Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюмдун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. 2026-жылга пландалган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Кулубаев келерки саммит уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналгандыктан стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу төрагалыктын "ШКУнун 25 жылдыгы: бирге туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө" ураанынын маанилүүлүгү белгиленди.

Министр ошондой эле уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана алдыдагы саммиттин мазмундуу бөлүгүн сапаттуу иштеп чыгууга багытталган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ошондой эле тараптар юбилейлик дата жетишилген натыйжаларга ар тараптуу талдоо жүргүзүүгө жана ШКУнун узак мөөнөттүү келечектеги өнүгүүсүнүн жаңы векторлорун иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берерин белгилешти. Аймактык коопсуздук, экономикалык өнөктөштүк жана Уюмду институттук чыңдоо жаатындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу аспектилери каралды.