Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. 15-июнда Пекинде Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара уюмдун катчылыгы тарабынан уюштурулган.
Иш-чаранын алкагында уюмдун өнүгүү тарыхына арналган сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле Янлин шаарындагы ШКУнун айыл чарба технологиялары боюнча алмашуу жана окутуу демонстрациялык базасынын көргөзмө стенди кɵрсɵтүлдү. Коноктор үчүн балдардын чыгармачыл жамаатынын концерттик программасы жана кытай робототехникасынын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырган көрсөтүүлөр уюштурулду.
Иш-чарага Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу мамлекеттердин жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, Кытайдын мамлекеттик органдарынын жогорку кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн, коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, кытайлык жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Маалымат үчүн: 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Кыргызстан 2025-2026-жылдары ШКУга мүчө мамлекеттердин ичинен төрагалык кылуучу өлкө болуп саналат.