Кыргызстанга Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары келүүдө

Коом Загрузка... 17 Июнь 2026 21:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Бишкекке Юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары жана коноктору келүүдө.

Эки күндөн бери, 16-17-июнда “Манас” эл аралык аэропорту дүйнөнүн 15тен ашык өлкөсүнүн делегацияларын кабыл алууда.

1986-жылы дүйнөгө белгилүү жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген форум, 40 жылдык юбилейин белгилөө менен өзүнүн тарыхый мекенине кайтып келет.

Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында өткөрүлүп, дүйнөлүк интеллектуалдар, саясатчылар, окумуштуулар, маданият жана искусство ишмерлери үчүн ачык диалог аянтчасын жандандырууга багытталган.

2026-жылдагы Юбилейлик форумдун негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санариптештирүүнүн реалдуулуктарына ылайыкташтыруу. Форум интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтулат.

Бүгүн эртең менен КЭР Жазуучулар союзунун төрагасы жана Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь баштаган кытай делегациясы келди. 17-июнда түштөн кийин украин жазуучусу жана котормочусу Васькив Микола, Татарстан жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зайдулин, ТҮРКСКОЙдун экс-катчысы Дусенбай Касеинов, М. Ломоносов атындагы ММУнун профессору Конурбаев Марклен Эрикович, Казакстан президентинин кеңешчиси Омаров Бауыржан, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев келишти.

Белгилей кетсек, мындай маанилүү жана ардактуу конокторду мамлекеттик катчы жана маданият министринин орун басары сыяктуу жогорку чиновниктер жана коомдук ишмерлер тосуп алышууда.

“Ысык-Көл форуму ар дайым саясаттын же экономикалык пайданын эмес, адамзаттын фундаменталдуу келечеги, анын адеп-ахлактык багыттары жана глобалдык яакырыктар доорунда маданияттын ролу талкууланган жай болуп келген. Бүгүн, 40 жылдан кийин, Айтматовдун үнү жаңыча ураан менен жаңырышы керек. Биз кыргыз жерине чынчыл жана ачык диалогго даяр болгон дүйнөнүн интеллектуалдык элитасын кубанып тосуп алууга даярбыз”, — деп белгилешти форумдун уюштуруу комитети.

Форумдун расмий ачылыш аземи жана өлкө жетекчилигинин катышуусундагы жалпы жыйыны 18-июнда Ысык-Көлдө өтөт.