Кытайда 120 млн жыл мурун жашаган динозавр табылды

Дүйнө Загрузка... 19 Июнь 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-06-19 at 08.37.01.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Кытайлык палеонтологдор болжол менен 120 млн жыл мурун жашаган динозаврдын жаңы түрүн табышты, деп Казинформ Синьхуага шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, бул ачылыш динозаврлардын келип чыгышын жана канаттуулардын эволюциясын изилдөө үчүн жаңы маалыматтарды берет.

Казылып алынган калдыктар Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляонин провинциясында табылган. Сөөктөрдө жаныбардын дээрлик бүт денесин каптаган жүндөр да табылган.

Изилдөөнүн жыйынтыктары Vertebrata PalAsiatica журналында жарыяланган.