Сиднейден Лондонго 22 саат тынбай учкан эң узун аба каттамы ачылат

Дүйнө Загрузка... 19 Июнь 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-06-19 at 08.27.16.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. 2027-жылдын октябрь айында Сидней менен Лондонду байланыштырган, дүйнөдөгү эң узун тынымсыз жүргүнчү ташуучу авиакаттам ачылат. Бул тууралуу Казинформ маалымат агенттиги Euronews'ка шилтеме берүү менен билдирди.

Аралыгы 16 миң чакырымдан ашкан бул рекорддук сапарды австралиялык авиакомпания тейлейт. Учак өндүрүүчүлөр аталган каттам үчүн атайын жаңыртылган "Airbus A350-1000ULR" лайнеринин алгачкы үлгүсүн көрсөтүштү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Сидней менен Лондондун ортосундагы учуу убактысы 19дан 22 саатка чейин созулат.

Азыркы тапта дүйнөдөгү эң узак түз каттам "Singapore Airlines" компаниясына таандык. Учурда алардын Сингапур менен Нью-Йорк ортосундагы учагы 15 миң 349 чакырымды 19 саатка жетпеген убакытта басып өтөт.