"Кызыл сызыктан" чыгып кеткен: Аламүдүндө 46 мыйзамсыз объект аныкталды

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-07-06 at 11.40.36 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Аламүдүн районунда жол боюндагы тейлөө жана соода объектилерин инвентаризациялоонун алкагында бир катар мыйзамсыз объекттер аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, атайын түзүлгөн комиссия жол жээгиндеги курулуштардын долбоордук документтерин текшерген.

Жыйынтыгында 46 объект "кызыл сызыктын" чегинен чыгып кеткени белгилүү болду. Анын ичинен:

  • 8 капиталдык курулуш объектиси (имараттар);
  • 22 жеңил конструкциядагы курулуш;
  • 16 жеңил типтеги (павильон) соода түйүнү.

Азыркы тапта комиссия тарабынан Ленин, Байтик, Кашка-Суу, Таш-Дөбө, Арашан, Таш-Мойнок жана Беш-Күңгөй айылдарында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кемчиликтерди жоюу жана жол жээктерин тазалоо боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилип, чаралар көрүлө баштады.