Тигүү тармагындагы 150 миң жумушчунун 97 пайызын айымдар түзөт

Экономика Загрузка... 09 Апрель 2026 17:55
WhatsApp Image 2026-04-09 at 17.29.40.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө тигүү тармагында 150 миңден ашуун жаран эмгектенет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул 150 миңдин дээрлик 97 пайызын айымдар түзөт.

"Тигүү тармагынын ИДПдагы көлөмү акырындык менен өсүүдө. 2025-жылы негизинен көрсөткүчтөр жакшы келатып, жылдын 4-кварталындагы күз айларынан тарта экспорт жаатында тоскоолдуктарга кабылышты. Бүгүнкү күндө тигүү тармагында продукциялардын 90 пайыздан көбү Россияга, Казакстанга кетет. Жылдын 4-кварталында бир топ талаптар коюлганына байланыштуу тигүү тармагындагы цехтер ошол талапка жооп бере албай калды", - деди Эржигитов.

Ал ошондой эле бул талаптар мыйзамдуу иштеген тигүүчүлөргө тоскоолдук жаратпаганын түшүндүрүп берди.

"Толук мыйзамдарды сактап келаткан тигүү цехтери талаптарга жооп берип, товарлары кандай экспорттолуп келсе, ошондой эле экспорт менен ишин улантып жатышты. Ал эми көмүскөдө иштеп жүргөн көпчүлүк тигүү тармагынын өкүлдөрү талаптарга жооп бере албай калышты. Ошондон улам, коомчулукта тигүү тармагы кризиске кабылды деген талкуу кетти. Бирок бул абалдын мыйзам чегинде иштеген тигүү цехтерине эч кандай тиешеси жок", - деди Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү.