Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Өлкөдөгү курулуш компанияларынын өкүлдөрү тармакка салыктык жеңилдиктерди берүүнү Мамлекеттик салык кызматында өтүп жаткан жолугушууда сурашты.
Маалым болгондой, алар тигүү тармагы сыяктуу эле салыктык жеңилдиктерге муктаж экендигин билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өз кезегинде бул маселе караларын убадалады. Ошондой эле ал курулушчуларга бирдиктүү салык төлөөгө өтүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматындагы курулушчулар менен жолугушууга 69 курулуш компаниясынын өкүлдөрү катышууда.