Маданият күнүн утурлай: Кыргыз улуттук драма театрындагы пландар жана жаңылануулар

Маек Загрузка... 02 Ноябрь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Маданият — адамзат тарыхынын, коомдун руханий өнүгүшүнүн негизи. Ал элдин аң-сезимин, баалуулуктарын жана дүйнө таанымын калыптандырган эң улуу күч болуп саналат. 2-ноябрь күнү Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күн улуттук маданиятты сактап, өнүктүрүп, элибиздин руханий дүйнөсүн байытуу үчүн эмгектенип келген чыгармачыл инсандардын күнү. Алардын ар бири коомдун жүзүн аныктап, муундардын ортосундагы байланышты бекемдеген, тарых менен бүгүнкүнү бириктирген руханий көпүрө болуп саналат.

Муну менен бирге эле өлкөдө жогорку искусстволордун катарына кирген театр өнөрүнүн дагы өзүнүн бийик орду бар. Алардын бири – Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры өзүнүн 99-театралдык сезонун ачып, келерки жылы 100 жылдыгын белгилөө алдында турат. Театр жана анын ишмердүүлүгү тууралуу бүгүн анын көркөм жетекчиси Албина Имашова айтып берет.

Саламатсызбы, 99-театралдык сезондун ачылышы менен театрда кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр болууда?

- Бизде ар бир сезондун ачылышы чоң майрам жана чоң салтанат болуп саналат. Быйылкы сезонубузду 1-октябрь күнү Жалил Садыковдун калемине таандык “Төлгө” спектакли менен ачып алдык. Койгон режиссеру – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров. Бул спектаклде жалпы эмгек жамааттын 90%ы катышат.

Ал эми өзгөрүүлөр жөнүндө айтсам, “театр кийим илгичтен башталат” дегендей, театрга келгендерди тосуп алуучу кызматкерлерибизге министрликтин брэндбугуна ылайык формаларды тиктирдик. Ошондой эле сезондун ачылышын утурлай, комиссия түзүп, бардык спектаклдер менен цехтерге ревизия жүргүзүп, мониторинг жасадык.

- Театрдын репертуары кандай жаңы долбоорлор же премьералар менен толукталды?

- Театрдын репертуары ушул жаңы сезондун ачылышынын алдында режиссер Улан Өмүралиевдин эмгегине таандык “Фэншуй” спектакли менен толукталды.

Ошондой эле буга чейин репертуарда 40 спектакль бар эле. Алардын арасынан көп убакыттан бери коюлбай, декорациялары эскирип калгандары эсептен чыгарылды. Биз бул чечимдерди жалпы көркөм кеңештин чогулушунун негизинде ар бир спектаклди, ар бир актерду, ар бир реквизитти кылдаттык менен талкуулап, жети өлчөп, бир кесип чыгардык.

Ал эми 2026-жылы Кыргыз улуттук драма театрынын түптөлүшүнө 100 жыл толот. Учурда бул маанилүү датага карата министрлик менен биргеликте даярдык иштерин баштадык. Мунун алкагында бир катар масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз.

- Акыркы жылдары маданият тармагына мамлекет тарабынан салыштырмалуу жакшы көңүл бөлүнүүдө. Мунун алкагында театрда кандай өзгөрүүлөр болду жана болууда?

- Ооба. Акыркы жылдары жалпы маданият тармагына, анын ичинде фестивалдарды өткөрүүгө, театрдын техникалык базасын жакшыртууга, спектаклдерди коюуга абдан жакшы көңүл бөлүнүүдө. Алдыда 100 жылдыктын алкагында 1996-жылы коюлган музыкалык аппаратуралар, мындан 10-15 жыл мурун коюлган жарыктандыруулар алмаштырылганы жатат. Себеби, бул жарык бергичтер концертке ылайыкташтырылган экен. Учурда министр Мирбек Мамбеталиевдин тапшырмасы менен бул иштердин чыгымдык эсеби (смета) түзүлүп жатат. Жаңы жылга чейин театр бул жабдуулар менен камсыздалуу алдында турат.

- Театрдагы жаштардын саны эмгек жамааттын канча пайызын түзөт? Аларга кандай көңүл бөлүнүп, кандай мамиле жасалууда?

- Учурда театрда 57 актер эмгектенет. Анын дээрлик 60%ын жаштар түзөт. Калганы орто жана улуу муун. Андан сырткары, спектаклдердин дээрлик бардыгында жаштар катышууда. Аларсыз спектаклди элестетүү да кыйын. Андыктан, бул жаатта жаштарга жакшы көңүл бөлүнүүдө. Ошол эле маалда алар дагы айлык маянанын аздыгына карабастан, өзүнүн активдүүлүгүн, өнөрүн, талантын мыкты деңгээлде көрсөтүп келе жатышат.

- Көрүүчүлөрдүн театрга болгон көз карашы канчалык деңгээлде өзгөрдү деп ойлойсуз?

- Абдан жакшы жагына өзгөрдү десем болот. Себеби, биз спектаклдерди коюп жатабыз. Ал эми алар активдүү түрдө өзүлөрү жактырып тандагандарына келип жатышат. Ал тургай көрүүчүлөр батпай сыртта калып калган учурлар дагы кездешүүдө. Муну менен элдин театр искусствосуна болгон табити, спектаклдерди күтүп көргөн кызыгуусу ойгонду жана өөрчүдү десек болот.

- Эми өзүңүздүн жеке ишмердүүлүгүңүз жөнүндө сөз кылсак, сиз үчүн “театр” деген эмне? Сизди чыгармачылыкка эмнелер шыктандырат жана ошондой эле сиз үчүн чыгармачыл жашоодогу ийгилик деген эмнени билдирет?

- Мен үчүн театр бир сөз менен айтканда – үй-бүлө десем болот. Анткени, үй-бүлөгө канчалык жакшы көңүл буруп, жакшы нерселерди алып келсең, ал ошончолук барктуу жана даңктуу болот. Ошол үй-бүлө менен өзүң дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишесиң. Ийгиликтин ачкычы анын сени барктап, алдыга сүрөп турганында болсо керек.

Мен бул театрга 19 жашымда келгем. Мени ал өз кызындай, мен да аны өз үй-бүлөмдөй кабыл алгам. Андан сырткары, бул театр өзүмдүн үй-бүлөмдү түптөгөнгө да себепкер болгон. Андыктан, мен аны өз үй-бүлөм деп эсептейм.

Ошондой эле мени бир гана эмгек шыктандырат. Сахнабы, кино тасмабы, репетициябы же кайсы бир мен катышкан коомдук иштерби – мени ушулардын баары шыктандырып турат. Андыктан, ар дайым эмгектенип турганды жактырам. Эгерде эмгек өргүүсүнө чыгып же кайсы бир себептер менен тыным алып калсам энергиям азая баштайт.

Ал эми ийгилик эмгектин аркасы менен жаралат. Жеке мен үчүн канчалык эмгектенсем, ошончолук ийгиликтер келет. Ошон үчүн ийгиликтин сыры – эмгекте, бир нерселерди жаратууда, өнөрдө, талантта жана колдоодо демекчимин.

- Театрдын көркөм жетекчиси катары ага кандай жаңы нерселерди, өзгөрүүлөрдү алып келсем дейсиз?

- Көркөм жетекчи болуп ишке киришкениме болгону эки айдан ашты. Бирок бул убакыт аралыгында эле алдыма бир катар максаттарды коюп, пландарды түзүп жатам. Биздин театр тарыхы бай, чоң коллективге ээ болгону менен азырынча бир эле чоң залыбыз бар. Ошондуктан жакынкы аралыкта кичи форматтагы VIP-зал ачуу тууралуу ойлонуп жатам. Бул залда биздин таланттуу актерлор өзүнүн чыгармачылык кечелерин өткөрүп, моноспектаклдерди коюп, күйөрмандар менен жолугушууларды уюштура алышса дейм. Ошондой эле бул зал жаш режиссёрлор үчүн эксперименталдык спектаклдерди көрсөтүүгө да мыкты мүмкүнчүлүк болмок.

Мындан тышкары, келерки жылы театрдын 100 жылдык мааракесин мамлекеттик жана жогорку деңгээлде өткөрүү, анын алкагында жүз долбоорду ишке ашыруу, ошондой эле республикалык жана эл аралык театр фестивалдарын өткөрүү сыяктуу чоң пландарыбыз бар. Сиздерге сыр катары айта кетейин, дагы бир максатым - өлкөнүн тарыхында алгачкы театрды түптөөгө салым кошкон, драм театр болгондон кийин экинчи директор деп саналган Касым Тыныстанов жөнүндө спектакль койдуруу.

- Кыргыз драма театрынын келечегин кандай элестетесиз?

- Театрдын келечеги абдан кең. Бир кылымдык тарыхы бар бул театр мындан ары да миң кылымга чейин жашайт деп ишенем. Алдыда дагы таланттуу, өнөрлүү жаштар келип, театрдын ишин улантып, жаңы дем берип, анын келечегин дагы да кеңейтет деген чоң ишенимим бар.