Маданият кызматкерлеринин айлыгы эки эсе жогорулайт - министр

Маданият Загрузка... 25 Декабрь 2025 16:29
WhatsApp_Image_2025_QC13EWz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 100%га көбөйөт. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине IV Элдик курултайда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тармактагы кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүү боюнча тиешелүү тапшырма берген.

“Мурда маданият өкүлдөрү 20-25 миң сом алышса, эми алардын айлык акысы 40-50 миң сомго жетет. Мурда 10 миң сом айлык алган техникалык кызматкерлердин айлык акысы да көбөйтүлөт. Бул эң сонун демилге жана президентке ыраазычылык билдиребиз", - деди министр.

Мирбек Мамбеталиев ошондой эле 24-декабрда делегаттар менен жеке жолугушууда министрликке 91 кайрылуу түшкөнүн кошумчалады. Алардын көпчүлүгү маданият үйлөрүн капиталдык оңдоо жана жаңылоого байланышкан.

"Биз бул маселелерди этап-этабы менен чечүүгө аракет кылабыз", - деди ал.