Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногу жылдан-жылга өнүгүүдө. Ички жана тышкы инвесторлордун бул рынокко болгон кызыгуусу артып жатат. Экономисттер өлкөдө бул рыноктун потенциалы жогору экенин жана киреше алып келе турган мүмкүнчүлүгү кеңири деп белгилешүүдө. Кыргыз фондулук биржасы аркылуу сатыкка мамлекеттик баалуу кагаздар да жүгүртүүгө чыкты. Бул өлкө бюджетине кошумча каражаттарды алып келүүдө. “Кабар” агенттиги дал ушул баалуу кагаздар рыногу, анын артыкчылыктары жана келечеги тууралуу сөз кылат.
Баалуу кагаздар бул анын ээсинин белгилүү бир мүлктүк же акчалай укуктарын ырастаган документ болуп эсептелет. Кыргызстанда учурда акция жана облигациялар кеңири жайылууда.

- Акция – бул үлүштүк укукту түшүндүрөт.
- Облигация – келечектеги пайыздык укукту, карызды билдирет. Анткени облигация чыгарган компания облигация алган кишиге карыздар болот, үстөк пайыз менен карызды төлөөгө убада берет.
Кыргыз фондулук биржасынын директорунун орун басары Мыктыбек Абиров “Кабар” агенттигине билдиргендей, Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик баалуу кагаздар чыгарылат жана фондулук биржа аркылуу сатыкка коюлат.

Ал белгилегендей, мамлекеттик баалуу кагаздардын эки түрү бар: мамлекеттик казыналык векселдер 12 айлык мөөнөткө берилет, ал эми мамлекеттик казыналык облигациялар (баалуу кагаздар) узак мөөнөттүү болуп саналат. Мамлекеттик баалуу кагаздар Кыргыз фондулук биржасы аркылуу жүгүртүлөт.
“Жарандар баалуу кагаздарды сатып алуу менен киреше табууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул банктык депозит сыяктуу эле инструмент деп түшүнсөк болот. Жарандар акчасын баалуу кагаздарга салып, көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде пайыздык кирешени алышат жана баалуу кагаздардын мөөнөтү жеткенде, 1-2 жыл болобу, салган акчасын кайра артка алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, эгерде акча керек болуп калса, баалуу кагазды биржа аркылуу сатып жиберсе да болот”, - деди ал.
Бүгүнкү күндө өлкөдө сатыкка чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздардын көп үлүшүн кыргызстандыктар (ички инвесторлор) алышууда. Бул жалпы катышуучулардын 99 пайыздан көбүрөгүн түзөт. Ошол эле маалда чет элдик юридикалык жактардын да сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргыз фондулук биржасынын негизги акционери болуп Финансы министрлиги бекитилген. 2025-жылдын жыйынтыгы менен мамлекетке биржанын 62% акциясы таандык. Азыр министрлик Фондулук биржанын жабдууларын жаңылоого колдоо көрсөтүүдө.

“Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасына колдоо көрсөтүп, жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде баалуу кагаздардын көлөмүн көбөйткөнгө чоң салым кошууда. Президент Садыр Жапаров Фондулук биржага өзгөчө көңүл буруп, 2022-жылы Фондулук биржаны жана биржалык сатууларды өнүктүрүү үчүн атайын жарлык чыгарган. Финансы министрлигинин колдоосу менен программалык-техникалык инфтраструктураларыбызды жаңыртуудабыз. Бул багытта иштер аяктап калды. Мындай шарттар биздин жарандарга жана инвесторлорго жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүлөт. Анткени фондулук биржадан баалуу кагаздарды алуу үчүн жеке компанияларга барып, келишим түзүүгө туура келген. Эми жакынкы убакта фондулук биржанын атайын тиркемелери аркылуу эле баалуу кагаздарды алып-сатууга шарт түзүлөт”, - деп белгиледи Мыктыбек Абиров.
Директордун орун басарынын айтымында, баалуу кагаздарды сатыкка чыгаруу менен мамлекеттин казынасына кошумча каражаттар түшүүдө.
“Баалуу кагаздарды сатыкка чыгаруу менен мамлекеттин эсебине 2025-жылдын жыйынтыгы менен 7,5 млрд сом, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 3,5 млрд сом түшкөн. Муну менен Фондулук биржа аркылуу мамлекетке 11 млрд сом түштү”, - деп айтты Абиров.
Акыркы жылдары Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө активдүү кадамдар жасалууда. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Алмаз Кадыралиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын пикиринде, көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде баалуу кагаздар аркылуу долбоорлор ишке ашырылат. Бул мамлекеттин бюджетине кошумча каражаттарды алып келет. Кыргызстанда да бул рынокту өнүктүрүүгө чоң потенциалы бар. Мындан улам бул багытта иштерди алга жылдырууга басым жасоо зарыл.
“Эң негизгиси баалуу кагаздар рыногуна катышкан инвесторлордун коопсуздугу сакталууга тийиш. Алардын инвестициялары мамлекет тарабынан корголушу кажет. Акыркы убакта салыктан түшкөн кирешелердей эле, кошумча киргизилген механизмдерден каражаттар келүүдө. Анын ичинде биржа аркылуу баалуу кагаздарды сатуу да бар. Биз бул потенциалыбызды дагы да пайдаланууну улантуубуз керек. Азыр акча каражатын кайсы жакта сактоону билбей жүргөн жарандарыбыз көп. Алар ушул биржа аркылуу баалуу кагаздар рыногуна каражаттарын салса өзүнө да, экономикага да пайда алып келет”, - деди экономист.
Мисал келтире кетсек, эгер сиз баалуу кагазды 86-87 сомго сатып алсаңыз, Кыргыз фондулук биржасы аркылуу Финансы министрлиги белгилүү бир убакыт өткөн соң сизге 100 сом кайтарып берет. Жыйынтыгында сиздин каражатка кошулган 13-14 сом кирешеңиз болуп саналат.

Ошондуктан эксперттер баалуу кагаздарды сатып алуу жарандар үчүн ишенимдүү инвестициялык мүмкүнчүлүк экенин айтышууда.