Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев Манас шаарында курулуп жаткан "Акылман" президенттик лицейинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бул билим берүү комплекси өзүнүн масштабы жана заманбап шарттары менен өзгөчөлөнөт. Долбоордун жалпы баасы 2 млрд 160 млн сомду түзөт.
Лицей 3 кабаттуу имараттан туруп, 360 орунга ылайыкталган жана 35 заманбап окуу классы бар. Жатаканасы 420 орундуу (окуучулар үчүн), ал эми мугалимдер үчүн 25 батирлүү турак жай кошо курулууда.
Мындан тышкары, 196 орундуу ашкана, заманбап китепкана жана 280 орундуу жыйын залы, спорт зал жана 25 метрлик бассейни бар.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 65 пайызы аяктап калды. Объектти кыдыруунун жыйынтыгында Исламбек Увайдуллаев курулуш компаниясына лицейди жаңы 2026-2027-окуу жылынын башталышына (15-сентябрга) чейин толук бүткөрүү жана жумуштун темпин тездетүүнү тапшырды.
Ошондой эле курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу, ар бир кыш жана жасалгалоо иштери жогорку мамлекеттик талаптарга ылайык аткарылышы шарт экени эскертилди.