Бир нече оорукананын иштен алынган башкы дарыгерлери, Улуттук онкология борборунда жабдыктардын, химиопрепараттардын, профилдик адистердин жана орундардын жетишсиздиги. Бул бир гана ооруканадагы көрүнүш. Бүгүнкү күндө медицина тармагындагы абал тилекке каршы, көңүл жубатарлык эмес. Учурда бийлик бул тармакты көмүп калган көйгөйлөрдөн сууруп чыгып, иреттөө аракетин көрүүдө.
Кыргыз медицинасын реформалоо аракеттери буга чейин көп эле болгон. Өзгөртүүлөрдүн ийгиликсиз чыгышына себепкер факторлорду жалпысынан 4 топко бөлсө болот. Алар каржылоонун жетишсиздиги, кадр саясатындагы жана башкаруудагы кемчиликтер, ошондой эле элдин өз саламаттыгына жоопкерчилигинин жоктугу.
Экономикалык фактор. Союздан бейкапар каржыланып келген Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы өлкө эгемендик алгандан кийин каражатсыз калган. Ошол бойдон тармак 30 жыл бою акчадан жарыган жок. Бюджеттен бөлүнгөн каражаттар союздан калган имараттарды оңдоого, жаңыларын курууга, медициналык жабдыктарды жаңыртууга жана дарыгерлердин маянасын көбөйтүүгө жеткен эмес. Натыйжада коррупция пайда болуп, көмүскө төлөмдөрдүн суммасы барган сайын жогорулай берген.
2011-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстан саламаттык сактоо тармагына 6 жыл ичинде болгону 71 млрд сом бөлүнгөн. Эми салыштырып көрөлү, бир эле 2026-жылга 54,7 млрд сом каралууда. 2030-жылга чейин саламаттык сактоо тармагынын бюджетин 130 млрд сомго чыгаруу пландалууда.

Кадр саясаты
Медицинадагы каатчылыктын негизги себептеринин бири катары кадр саясатындагы кемчиликтер аталып келет. Маянанын аздыгынан дарыгерлер 30 жыл ичинде жеке секторлорго жана Казакстан, Россия, Германия, Түркия сымал мамлекеттерге чыгып кетишти. Бир эле мисал, 2019-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлердин 80% пенсияга чыга турган жана ардагер курагындагы адистер экени, ар бир дарыгерге орточо үч жарым миң киши туура келери айтылган. Жыйынтыгында, 2026-жылга карай өлкө боюнча дээрлик 23 миң медицина кызматкери керек экени аныкталды. Алардын сандык эле эмес, сапаттык жагы да суроо жараткан учурлар бар.
2010-жылдары дарыгерлердин айлыгы 5000-7000 сомдун тегерегинде болгон. 2017-жылкы көрсөткүч жалпысынан 9000-13 000 чегинде эле. Ал эми 2023-2025-жылдар аралыгында 24 000-40 000 сом алгандар болду. 2026-жылы маяна 100% көтөрүлөрү убадаланууда.
Башкаруудагы алсыздык
30 жыл арасында бир топ маштабдуу реформалар жүрдү. Алардын көрүнүктүүсү болгон Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана үй-бүлөлүк медицина системасы көп жылдан бери туруктуу иштеп келе жатат. Ал эми оптималдаштыруу, бириктирүү, кыскартуу, ордун алмаштыруу сымал реформалоонун элементтери медицинадагы жалпы системалык көйгөйлөрдү жойгон жок. Мисалы, Кыргызстанды дары-дармек менен камсыздоодогу кемчиликтерди мурда “фарммафиялар” менен байланыштырып келишкен. Азыркы таңсыктык “башкаруудагы үзгүлтүк” деп аталды. Ошондой эле системадагы күчтүү кландык топтор, жеке кызыкчылыктардын үстөмдүгү реформаларга тоскоолдук болгон.
Калктын өз ден соолугуна жоопкерчиликсиз мамилеси
Калктын дарыгерлерге өз убагында кайрылбагандыгы ансыз да жарыбаган тармактын жүгүн ого бетер оорлоштурууда. Коомчулук профилактикалык иш-чаралар жана маалымдуу жүрүү арзан жана максатуу экенин али түшүнө элек. Ошентсе да, учурда туура тамактануу, кыймылда болуу, жеке көзөмөл сымал көндүмдөрдү кармангандар аз болсо да чыга баштады. Президент Садыр Жапаров дагы Саламаттык сактоо министрлигине профилактикалык иштерди жөнгө салуу тапшырмасын бергени маалым.
Жаңы реформалар
2026-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик ооруканаларга өзүн-өзү башкаруу укугун берген пилоттук долбоор киргизилери айтылган. Анда бейтапканалар бюджетти өзү тариздеп, ал эми маянаны дарыгердин ишине жараша көтөрүшөт. Ал эми апрелден тарта дарыгерлердин айлыгы 100% жогорулайт. Ошондой эле кезекке туруу, документтерди чогултуу сымал иштерди санариптештирүү бейтаптарга кыйла жеңилдик бергени байкалууда. Мындан сырткары бейтаптардын дары-дармек жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу иштери жүрүп жатат.
Реформа учурунда дарыгерлерге астейдил мамиле жасоо керектигин, өлкөгө дары-дармек алып келүү жана социалдык камсыздандыруу жагын кайра караштыруу зарылдыгын саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиев билдирүүдө.
“Саламаттык сактоо системасы эң аз каржыланып, жетим баладай эле болуп калган. Дарыгерлер 5000-7000 сомго иштешкен. Мамлекеттик оорукана, поликлиникаларда жаңы жабдыктар сатылып алынган эмес. Имараттар аз жана эски болчу. Сырттан келген донорлордун эсебинен курулган.
Бир катар ооруканалар үй-бүлөлүк ишкана болуп, атадан балага, энесинен күйөө баласына берилип калган. Алар чынын айтканда, элден акча чыгаруу боюнча коммерциялык конвейерге айланган.
Акыркы 2-3 жылдан бери дары-дармек сатып алуу боюнча “Кыргызфармация” ишканасы түзүлгөн. Дары-дармекти түшүнбөгөн, туура эмес жетекчи коюлуп калган эле, азыр камалып кетти. Мурда фармкомпаниялар сырттагы компаниялар менен эксклюзивдүү келишим түзүп, Кыргызстанга ташуу боюнча жолдорду ачышкан. Аны мамлекеттик компания жасай албай койду. Жеке фарм компаниялардын милдетин мамлекеттик ишканага акырындап өткөрүү керек эле.
Реформа деген эмне?
Кыргызстандын 7 миллиондон ашык жараны бар. Сыртта жүргөн бир миллиондон ашыгы камсыздандырууга төлөбөйт. Бирок ооруганда Кыргызстанга келишет. Мисалы, Түркияда жаран кайсы мамлекетте жашаса да, өз өлкөсүнө жыл сайын камсыздандыруу төлөп, ооруса дарыланып кетет. Учурда өкмөт мамлекеттик кепилдиктер боюнча долбоор иштеп чыгып, нормативдерди өзгөртүүнү максат кылып жатат. Бизде милдеттүү камсыздандырууга айлыктан 2% гана бөлүнөт. Дүйнөнүн бир да мамлекетинде мындай төмөн сумма жок. Жок эле дегенде 4-5% төлөнөт.
Көңүл буруучу дагы бир жагдай, өзгөртүүлөр учурунда дарыгерлерди жоготуп албашыбыз керек. Учурда 20-25 миң дарыгер бар. Куруучуну жарым жылда үйрөтсө болот, айдоочуга 10 ай керектелет экен. Дарыгерди окутууга 10 жыл, тажрыйбасына дагы 5 жыл кетет. Ошондуктан кадр саясатын астейдил, медиктерди үркүтпөй, чочутпай жүргүзүү зарыл. Булар урушуп, талашпайт, унчукпай эле кетип калышат”, - деди эксперт Айбар Султангазиев.