"Мадина" базарын реконструкциялоо: Мэр соодагерлер менен жеринде жолукту

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 13:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Мадина" базарынын соодагерлери менен жолугуп, алдыда жүргүзүлө турган реконструкция иштерин талкуулады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда базарды 2026-жылдын 1-августунан тартып жаңылоо планы каралып, ишкерлерге базардын айланасында уюштурула турган жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталды.

Калаа башчысы реконструкция иштеринин максаты шаардын көрүнүшүн жакшыртуу жана тартипти күчөтүү экенин белгилеп, ошол эле учурда ишкерлердин укуктары жана кызыкчылыктары эске алынарын айтты.

Жыйынтыгында бардык маселелерди биргелешип кароо үчүн атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектейт. Анын курамына ишкерлердин өкүлдөрү, мэриянын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирет.

Комиссия реконструкцияга байланыштуу бардык маселелерди карап чыгып, тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен сунуштарды иштеп чыгат.