Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Месарош көчөсүнүн Профсоюз көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жолго асфальт-бетон төшөө иштери жүрүүдө.
Оңдолуп жаткан жол тилкесинин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.