Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке чакырылды. Себеби

Жогорку Кеңеш Загрузка... 29 Январь 2026 11:55
3564253_7xyLsns.62d.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу министрлер кабинетин элде нааразычылык жараткан учурдагы бир катар социалдык маселелер боюнча парламентке келип жооп берүүгө чакырды.

Төрага маалымдагандай, кийинки бейшемби, 5-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн болмокчу.

Мында эл өкүлдөрү ичүүчү таза суу менен камсыздоо, баалардын кымбатташы, автомектептердин иши жана башка социалдык маанилүү маселелер боюнча министрлер кабинетинин жана тийиштүү адамдардын маалыматтарын угууну көздөшүүдө.