Саясат таануучу, БШКнын аппаратынын мурдагы жетекчиси Бакытбек Жумагулов «Кабар» агенттигине берген маегинде жаңы шайлоо системасынын артыкчылыктары тууралуу айтып, ноябрь айында өтчү шайлоонун жыйынтыгы менен түзүлө турган парламент жарандар менен тыгыз байланышты орното турганын жана депутаттардын иш сапатынын жогорулашын күтүүгө болоорун белгиледи.
— Кыргызстандын парламентинин депутаттарын шайлоо түп-тамырынан бери жаңы система боюнча өтөт. Бул тандоо мурункуларынан эмнеси менен айырмаланат жана шайлоочу эмнеге көңүл бурушу керек?
— Парламентке шайлоонун жаңы системасынын зарылдыгын Кыргызстандын жаңы тарыхы менен байланыштырсак болот. Мурда бардык президенттер өзүнө ыңгайлуу “чөнтөк парламент” түзүүгө аракет кылышкан. Бул партиялык тизмелер аркылуу ишке ашчу. Акаевдин убагында «Алга Кыргызстан», Бакиевдин убагында «Ак Жол», Атамбаевдин убагында КСДП, Жээнбековдун убагында «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» аркылуу парламентке кирүүгө аракет кылышкан. Азыр андай аракеттер жок. “Алтын ондук” түшүнүктөрүнүн качан пайда болгонун, тизмелердеги орундар кантип сатылганын баарыбыз эстейбиз.
Мунун баары партиялардын кризисин жаратты, шайлоочулар аларга ишенбей калышты. Так ушул себептер парламенттин депутаттарын шайлоо системасын реформалоо зарылчылыгын жаратканы белгилүү. Жаңы кодекс татыктуу талапкерлерди тандоодо ачык-айкын жана калыс шарттарды камсыз кылат.
— Саясий партиялардын ишмердүүлүгү жаңы эрежелер менен канчалык чектелди?
— Саясий партиялар күрөштөн четтетилген жок. Жаңы шайлоо системасы аларга активдешип, жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Көп мандаттуу округдарда партиялар өз талапкерлерин көрсөтө алат. Бирок азырынча системалуу түрдө азы гана партия иштеп жатат, үч гана партия мандатка талапкерлерин көрсөттү. Бул депутаттардын парламентке өткөн тарыхын жана партиялардын аракетин мүнөздүү көрсөтөт.
— Эксперттер шайлоочулар менен депутаттардын ортосундагы байланыш үзүлүп калганын айтып келишет. Жаңы система муну өзгөртө алабы?
— Пропорционалдык системада депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы байланыш үзүлүп калганын көрдүк. Шайлоодон кийин дээрлик бардык партиялар өз кеңселерин жаап салышты, аларды табуу мүмкүн эмес болду. Мындай кырдаалда аймактардын тургундары кимге кайрылууну билбей калышты. Жаңы система муну оңдойт: Жогорку Кеңеште ар бир округдан үч депутат болот. Башкача айтканда, эл тарабынан шайланган өкүлдөрдүн жоопкерчилиги жогорулатылат жана алардын иш сапаты жакшыртылат. Эми алар өздөрүнө ыйгарым укук берген жарандарга отчет берип, округдун жана жөнөкөй жарандардын кызыкчылыктарын коргошу керек.
— Шайлоочулар жаңы система боюнча дагы эмнеге көңүл бурушу керек?
— Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу парламенттин үчтөн кем эмес мүчөсү аялдардан турат. Бул норманы жаңы шайлоо системасы аркылуу ишке ашыруу мүмкүн болду. Ошондой эле, депутат мандаты бошобойт: кеткен депутаттын мандаты округда кийинки талапкерге өткөрүлөт. Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө да жардам берет.