Биолог: Мототранспортту чектөө – жаратылышты сактоонун маанилүү кадамы

Экология Загрузка... 20 Май 2026 14:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоодогу чектөөлөрдүн негизги максаты – биоартүрдүүлүктү сактоо, жайыттарды коргоо, экосистеманын бузулушунун алдын алуу, экотуризмди туруктуу өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Назгүл Иманбердиева билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-20 at 10.30.45.jpeg

Анын айтымында, мотоцикл, квадроцикл, эндуро сыяктуу мототранспорт каражаттары элдин жашоо-тиричилиги үчүн маанилүү болгону менен, жаратылышка тийгизген терс таасири өтө зыяндуу.

“Мототранспорт каражаттары топурактын бузулушуна алып келет. Алар айрыкча тоолуу жана жайыт аймактарында топуракты таптап, анын табигый түзүлүшүн бузат. Натыйжада, өсүмдүктөрдүн тамыр системасы жабыркайт, жердин үстүңкү түшүмдүү катмары жуулуп кетет, эрозия күчөйт жана чөптөрдүн кайра өсүшү жайлайт. Жайыттардагы маанилүү тоют өсүмдүктөрүнүн катарындагы дан гүлдүүлөрдүн түптөнүү процесси бузулуп, алардын өспөй калышына алып келет. Мындай көрүнүштөр жайыттардын деградацияга учурашын шарттайт.
Эндуро жана квадроциклдер көбүнчө жолсуз аймактарда жүргөндүктөн, өсүмдүктөр дүйнөсүнө өтө чоң зыян келтирет. Тоолордо өскөн сейрек кездешүүчү, Кыргызстандын Кызыл китебине кирген өсүмдүктөр тебеленип жок болот. Жаш көчөттөр жана өсүмдүктөрдүн ачылган гүлдөрү жабыркап, жыйынтыгында биоартүрдүүлүк азаят”, - деди адис.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Кыргызстандын Батыш Тянь-Шань сыяктуу дүйнөлүк маанидеги аймактары биоартүрдүүлүктүн очогу болуп эсептелет. Демек, бул аймактарды табигый түрүндө сактап калуу үчүн ар тараптуу коргоого алуу зарыл.

“Мототранспорт каражаттары жапайы жаныбарларга тынчсыздануу жаратат. Алардын үнү жана кыймылы жаныбарларды үркүтүп, көбөйүү, уялоо процесстерин бузат, ошондой эле миграциялык жолдоруна тоскоол болот. Айрыкча коруктардагы коргоого алынган жаныбарлар менен канаттуулар үчүн бул чоң коркунуч.
Муну менен бирге мототранспорттор абанын жана суунун булганышына алып келет. Алар ички күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендиктөн, көмүр кычкыл газын, күйүүчү жана мунайзат калдыктарын бөлүп чыгарат. Бул уулуу заттар топуракка жана суу булактарына сиңип, экосистемага, анын ичинде адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирет.
Ошондой эле өрт коркунучу көбөйөт. Тоолуу жана кургак аймактарда ысык кыймылдаткыч же андан чыккан учкун кургак чөптөрдүн күйүшүнө, токой жана талаа өрттөрүнө себеп болушу мүмкүн. Мындай жагдайлар экотуризмдин сапатын төмөндөтөт.
Мындан тышкары, алар ызы-чуу жаратып, жаратылыштын эстетикалык көрүнүшүн бузуп, туристтердин эс алуусуна терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан мындай чектөөлөрдүн негизги максаты – биоартүрдүүлүктү сактоо жана жайыттарды коргоо болуп саналат”, - деп баса белгиледи Иманбердиева.

Ал ошондой эле Кыргызстандын тоо-талаа жаратылышы жана өзгөчө корголуучу табигый аймактарынын сулуулугу, тазалыгы, тынчтыгы келечек муунга мурас катары баштапкы калыбында өткөрүлүп берилиши керектигин кошумчалады.