Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда жааган нөшөрлүү жамгырдан улам Нарын облусундагы Баетов – Макмал унаа жолунун 14–16-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жеринде №15 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, сел сууларын буруу жана жолду коопсуз абалга келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочулардан этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону суранат.