Ысык-Көлдө селден бир киши каза таап, дагы бирөө изделүүдө

Аймак Загрузка... 06 Июнь 2026 09:10
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда селден бири киши каза таап, дагы бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июнда кечки саат сегиздер чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жолдун 92-чакырымында таш аралаш ылай эки унааны жана эки эркек кишини басып калган.

"Куткаруу ишине жалпы 287 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында түнкү саат 23:35те эркек кишинин сөөгү табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери куткаруучулар тарабынан уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолу тазалоо иштеринен кийин ачылды.