Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, өлтүрүп кеткендерге өлүм жазасын киргизүү тууралуу сунушун колдойм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнуру Алтыбаева "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул көптөн бери коомчулукта талкууланып келе жаткан орчундуу маселе.
"Өлүм жазасын киргизүү коомдо зордуктоо жана өлүм менен коштолгон резонанстуу оор кылмыштар катталган учурда кызуу талкууланып, андан кийин токтоп калган учурлар көп. Ысык-Көлдө зордукталып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айсулуунун окуясы дагы коомчулукту селт эттирип, өлүм жазасын киргизүүнү кайрадан күн тартибине чыгарууда. Бирок, бул жазаны киргизүү укук коргоо жана сот органдарын реформалоону талап кылат. Мындай кылмыштарды иликтөө өтө кылдаттык менен жүргүзүлүп, соттор дагы өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарууда документтерди дыкаттык менен иликтеп чыгуусу шарт. Анткени, бул жерде адамдын өмүрү жөнүндө сөз болуп жатат. Бейкүнөө адамдардын жабыркап калышынын алдын алуу үчүн сот системасында сөзсүз түрдө олуттуу реформалар жүргүзүлүшү керек деп ойлойм", - деди ал.
Эл өкүлү эгер ушундай жаза киргизилсе өлкөнүн ар бир жараны бул тууралуу маалыматы болушу керек деп эсептейт.
"Ар бир адамдын мындай мыкаачылык кылгандар өлүм жазасына тартылары тууралуу маалыматы болуш керек. Ошондуктан бул мыйзам долбоору коомчулукта кенен талкууланып, мыйзам өткөндөн кийин дагы өлкөнүн калкы бул мыйзам тууралуу билиши керек", - деген Алтыбаева буга чейин дагы педофилдерге жана коррупционерлерге өлүм жазасын киргизүү керек деген көптөгөн сунуштар түшкөнүн кошумчалады.
Ал белгилегендей, албетте мамлекет гумандуу болушу керек, бирок педофилдер менен коррупционерлерге катуу жазаларды киргизүү шарт.
Белгилей кетсек, саналуу күн мурун киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алып, балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди.
Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү керектигин белгиледи.