Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Ыйык Орозо айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын көп балалуу кызматкерлерине азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Министрдин орун басары Акылбек Мазарипов Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында куткаруучулар менен жолугушуп, ак ниет кызматы үчүн жардам иретинде ун жана эт консервасын тапшырды.
Белгилей кетсек, ӨКМ жыл сайын Орозо жана Курман айт майрамдарында министрликтин көп балалуу кызматкерлерине жардам көрсөтүп келет.