Ош драма театры “Күнөө” спектаклинин премьерасы менен 54-театралдык сезонун жапты

Маданият Загрузка... 01 Июль 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. 30-июнда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Күнөө» спектаклинин бет ачарын өткөрүп, аны менен 54-театралдык сезонун жыйынтыктады. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектаклди казакстандык режиссер Баатырбек Шамбетов сахналаштырса, коюучу сүрөтчүсү — Садыралы Ниязакунов.

Премьеранын алкагында театрдын чыгармачыл жамаатынын бир катар өкүлдөрү үзүрлүү эмгеги үчүн сыйлыктар менен сыйланды.

Театрдын маалыматына караганда, өткөн сезондо жалпы жети жаңы спектакль көрүүчүлөргө сунушталып, актердук курам толукталып, чыгармачылык багытта бир катар жаңылануулар ишке ашырылган.

Ошондой эле алдыдагы 55-театралдык сезон театрдын өнүгүшүнө зор салым кошкон режиссер Искендер Рыскулов менен жазуучу Мурза Гапаровдун жылы катары белгиленери маалымдалды.