Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Дүйнөгө белгилүү балдардын музыкалык долбоору болгон D Billions тобу 2026-жылдын 2-августунда Ысык-Көлдө өтө турган "F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan" дүйнөлүк чемпионатынын алкагында концерт берет.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, бул эл аралык масштабдагы иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу-мотор спорту федерациясы тарабынан мамлекеттик органдар жана Эл аралык суу-мотор спорту биримдиги (UIM) менен биргеликте уюштурулууда.
Чолпон-Ата шаарында өтө турган бул спорттук майрамда көрүүчүлөрдү F1H2O сериясындагы катерлердин ылдамдык жарыштары гана эмес, үй-бүлө үчүн кызыктуу маданий-оюн-зоок программасы, концерттик номерлер, интерактивдүү аянтчалар жана башка көптөгөн активдүү иш-чаралар күтөт.