Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Озгур айылындагы №58 Ак-Буура мектебинин акыркы коңгуроо аземине катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 225 орунга ылайыкталган мектепте 425 окуучу билим алат. Аларды 35 мугалим окутат.
"Бүгүн мектептин эшиги жабылып жатканы менен, силер үчүн чоң турмуштун дарбазасы ачылып жатат. Силер тарыхы терең, руху күчтүү шаарда билим алдыңар. Араңарда келечектеги дарыгерлер, инженерлер, окумуштуулар, министрлер отурат. Балким, келечекте Ошту дүйнөгө тааныткан адамдар чыгат", - деди мэр.
Ошондой эле шаар башчысы ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү сюрприз күтүп жатканын айтты. Сөзүнүн аягында мэр өзүнүн короосунда өстүргөн гүлдөрдөн букет жасап келгенин айтып, мектеп мугалимдерине тапшырды.
“Бул гүлдөр – сиздердин эмгегиңиздерге болгон таазимим”, - деди ал.
Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарында 12 миң 208 окуучу мектепти бүтүрүп жатат. Анын 3 миң 146 сы 11-классты бүтүрүүчүлөр.