Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Ош шаарында жер алдынан жана үстүнөн унаа каттамы, ал эми айлампадан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, анда Кулигов-Курманжан датка багытында 6 тилкелүү, ал эми Касымбеков-Осмонов багытында 8 тилкелүү жол каралган.
"Жөө өтмөктүн 8 тарабында тепкич, 4 тарабында пандус болот. Аталган жумуштар жол кыймылын жөнгө салып, унаа тыгынын жоюп, жол коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.