Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында биринчи муниципалдык Жаштар борбору ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен курулду. 3 кабаттуу имаратта тил курстары, кулинария мектеби, робототехника, шахмат, лидерлик класстары, конференц-зал иштейт. "Арууке" бий ансамбли да ушул жерге жайгашты.
Ачылыш аземине катышкан мэр Жанарбек Акаев учурда шаарда 13 жаңы сквер курулуп жатканын айтып, ОшМУ, ОшТУ жана ОшКУУнун архитектура-дизайн багытындагы студенттерин 3 скверди өздөрү долбоорлоп ишке ашырууга чакырды.
"Бул силер үчүн практика, тажрыйба. Демилге көтөрүп, шаарды өнүктүрүүгө салым кошкула. Мэрия колдойт", - деди мэр.