Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан уникалдуу бала бакча ачылды

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2026 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы №76 Курманжан датка бала бакчасы модернизациядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бала бакчаны реконструкциялоо иштери ЮНИСЕФтин "Климаттык бизнес-модель" демилгесинин алкагында жүргүзүлдү.

"Бул долбоордун алкагында бала бакчаны мурда көмүр менен жылытуу абаны булгап, кышында температура кескин өзгөрүп турса, эми орнотулган жылуулук насостору электр энергиясы менен иштеп, көмүрдү колдонбойт. Бул зыяндуу түтүндү азайтып, абаны таза, температураны туруктуу кармайт", - деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземине катышкан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова тыгыз кызматташтык үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, жаңыланган бала бакча менен ата-энелерди, тарбиячыларды куттуктады.