Коррупцияны жоюу: Таластагы өткөрмө пункттарында жаңы шарттар түзүлдү

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Талас облусундагы "Чоң-Капка" жана "Кызыл-Адыр" транспорттук көзөмөл пункттарында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү багытында жаңы шарттар түзүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, анын негизги максаты салмак-габариттик текшерүү учурунда инспекторлор менен айдоочулардын түз байланышын азайтуу аркылуу ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу болуп саналат.

"Бул багытта транспорттук документтерди кабыл алуу жана текшерүү үчүн атайын терезечелер орнотулуп, жарандар менен кызматкерлердин ортосундагы түз байланыш минималдаштырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай чаралар текшерүү процессинин объективдүүлүгүн жогорулатууга, кызматтык тартипти бекемдөөгө жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.