Караколдо мыйзамсыз курулуп жаткан мейманкана аныкталды

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2026 16:50

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Каракол шаарында 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталып, курулуш компаниясына айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Масалиев көчөсү 122 дарегинде жайгашкан мейманкананын курулуш-монтаждоо иштери макулдашылган долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болгон.

Бул эреже бузуу боюнча "Мега Прим" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүрүүдө.