Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2026 17:40
6.png
copyright icon ӨКМдин Талас облустук башкармалыгы

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө-куткаруу иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Учурда издөө иштерин Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүп жатышат.

"Суунун агымы катуу жана нугунун өтө күчтүү болушу куткаруу иштерин татаалдаштырууда. Ага карабастан, куткаруучулар дарыянын жээктерин жана кооптуу тилкелерин кылдат текшерүүнү улантышууда", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого, агын суулардын жээгине жакындабоого жана балдарды кароосуз калтырбоого өзгөчө чакырат.