Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Алай районунун Гүлчө шаарында ипотекалык "Хан-Теңири-8" турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, комплекстин курулушу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланат.
"Жаңы комплекстин ар бири 9 кабаттан турган 12 блокту камтыйт. Долбоор заманбап жана жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу, жумуш орундарын түзүү жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Салтанаттуу аземге президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Алай районунун акими Адыл Сапаров жана жергиликтүү тургундар катышты.