Президенттин убадасы аткарылууда: Нарында атайын техникалар берилүүдө

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2026 17:20
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү максатында райондорду атайын техникалар менен камсыздоо иштери башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн президенттин турукташтыруу фондунун жана "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Ат-Башы районуна атайын жана айыл чарба техникалары тапшырылды.

Иш-чарада облус башчысы Нурбек Сатаров бул техникалар калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн натыйжалуу пайдаланылышы керектигин баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү Жумгал районуна 3, ал эми Кочкор районуна 5 жаңы техника берилет.

Ошондой эле "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун 2026-жылга карата планына ылайык, Ак-Талаа районуна 2, Ат-Башыга 1, Жумгалга 4 жана Кочкор районуна дагы 7 атайын техника сатып алынмакчы.