Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кербен шаарында ипотекалык "Хан-Теңири-7" турак жай комплексинин курулушуна старт берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Курулуш иштери Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып, иштер президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
"Комплекс 18 блок 6 кабаттуу турак жайлардан туруп, жалпысынан 540 батирди камтыйт. Анын ичинде 126 бир бөлмөлүү, 306 эки бөлмөлүү жана 108 үч бөлмөлүү батир каралган. Ошондой эле балдар аянтчалары, мектеп, бала бакча, спорттук жана эс алуу зоналары, ошондой эле 453 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы болот", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы "Хан-Теңири-7" турак жай комплекси Кербен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана тургундар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө чоң салым кошот. Курулуш иштерин баштоого катышкан Каныбек Туманбаев жаңы турак жай комплексинде жашоочулар үчүн бардык заманбап шарттар болорун белгиледи.
"Бул долбоор президент Садыр Жапаров тарабынан толук колдоого алынып, аймактардагы жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат", — деди ал.