Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Эне-Сай жаңы конушуна барып, Ош көчөсүн кеңейтүү иштерине байланыштуу үйлөрү бузулуп, компенсация катары жаңы турак жай алган үй-бүлөлөрдүн абалы менен таанышты.
Мэриядан билдиришкендей, шаар башчысы тургундар менен жолугуп, тиешелүү кызматтарга жаңы конуштун инфраструктуралык маселелерин тез арада чечүүнү тапшырды.
Жанарбек Акаев шаарды өнүктүрүүдө жарандардын кызыкчылыгы биринчи орунда турарын баса белгиледи.
"Суук түшкөнгө чейин турак жайы толук алынган бир дагы үй-бүлө үйсүз калбашы керек. Бул биздин негизги милдетибиз", – деди ал.
Учурда Ош көчөсүнөн 6 үй-бүлө Эне-Сай конушуна көчүрүлүп, жаңы үйлөр менен камсыз болду. Жакынкы күндөрү дагы 12 үй-бүлөгө мыйзам чегинде кенемте берилет.