Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана балык уулоого киргизилген мораторийдин сакталышын текшерүү боюнча бир жумалык рейд жыйынтыкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүү президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо" жана "Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө" жарлыктарын аткаруу алкагында өттү.
Рейддин жыйынтыгында жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган 23 факт аныкталып, тиешелүү протоколдор толтурулду. Мыйзам бузуучуларга жалпысынан 190 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алуу, браконьерликке бөгөт коюу жана уникалдуу көлдөрдүн экосистемасын сактап калуу болуп саналат. Текшерүү иштери үзгүлтүксүз улантылмакчы.