Оштогу Андагул айылындагы жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет

Аймак Загрузка... 16 Октябрь 2025 17:37
563445880_1319893589609687_3638147328816934658_n.jpg
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Ош облусундагы Андагул айылындагы жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,150 орундуу мектептин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштерине жалпы 104 млн сом сарпталды.

Объекттин курулуш иштери “Ак-Тилек курулуш” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан аткарылып, көзөмөлдү Турак жай-жарандык курулуш департаменти жүргүздү.

Башкы план боюнча жалпы аянты 1281 чарчы метрге жеткен эки кабаттуу окуу корпус спорт залы менен салынды. Мектепте заманбап талаптарга жооп берген 6 негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы да бар.