Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, жетим балдарды турак жай менен камсыздоо көйгөйүн комплекстүү карап чыгууну сунуштады.
Депутаттын айтымында, жетим балдар балдар үйлөрүнөн чыккандан кийин билим алуудан жана жумушка орношуудан баштап, турак жай менен камсыз болууга чейин көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат.
Ал белгилегендей, учурда белгилүү бир кадамдар жасалып, атап айтканда, депозиттик эсептер ачылып жатат, бирок бул каражаттар мамлекеттик ипотеканы тариздөө үчүн жетишсиз.
"Бул маселени комплекстүү түрдө, балким, тармактык комитеттин жыйынында карап чыгуу зарыл. Туруктуу кирешеси жоктор эмне кылышы керек? Алар кайда жашашат? Мамлекет жардам бериши керек, жатаканаларды же кызматтык турак жайларды курууну караштырса болот", - деп баса белгиледи Бекешев.