Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн, 17-сентябрдагы жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматына Канат Сагынбаевдин талапкерлигин кароодо.
Депутат Гуля Кожокулова болочок министрге кайрылып, «бул эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция топтолгон мындай комплекстүү ведомствонун абдан чоң позициясы» деп белгиледи.
Депутат миграция маселеси боюнча өзүнчө министрлик же ведомство түзүлүшү керек деген пикирге кандай карай турганын сурады.
"Ички миграцияны эсепке албаганда, дүйнө жүзү боюнча миллиондон ашык жарандарыбыз миграцияда жүрөт. Бул абдан чоң көрсөткүч. Бул маселени жөнгө салуу менен башка ведомство алектениш керек. Бир министрлик эки маанилүү структураны жөнгө салуу оор. Өлкөнүн дени сак жана эмгекке жарамдуу калкы миграцияда. Бул биздин келечегибиз", - деди ал.
Депутат бул кызматта көп министр алмашканын белгиледи. Баары кооз келип, кооз кетип жатат, бирок көзгө көрүнгөн иш жок», - деп баса белгиледи эл өкүлү.
Ал эми Канат Сагынбаев бүгүнкү күндө миграция маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылып жатканын баса белгиледи.
"Миллиондон ашык адам 27ден ашык багытта миграцияда. Миграцияны өзүнчө бөлүмгө бөлүштүрүү кылдат мамилени талап кылат. Анткени бул дагы бюджетке оорчулук жаратууда. Чынында, миграция маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат", - деп жыйынтыктады ал.