Паспорт мафиясынан өздүк өндүрүшкө: Улуттук валютанын тарыхындагы чоң бурулуш

Аналитика Загрузка... 30 Март 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Алгачкы сомдор чыккан 1993-жылдан бери, 30 жылдан ашык убакыт бою биз акчабызды чет өлкөлөргө бастырып келдик. Эмне үчүн өзүбүз чыгарган эмеспиз? Анткени ал кезде акчаны коргоо деңгээли өтө жогору болгон кубаттуу ишканабыз жок эле. Ошондой эле, мурдагы жетекчилердин бул ишти колго алууга эрки жетпей, "колубуздан келеби?" деген ишеним аз болгон.

Эгемендиктин алгачкы купюраларын британиялык компания чыгарып берсе, кийинкилерин Франция жана АКШдагы өндүрүш компаниялары даярдап келген. Кыргызстан учурда жүгүртүүдөгү акыркы серияларды чет өлкөлүк ишканаларга 2023–2024-жылдары буйрутма берип, ошол эле маалда кыргыз сомун Бишкекте басуу үчүн кызуу даярдыктар жүрө баштаган. Бул максатта толук модернизациядан өткөн "Учкун" басмаканасына коргоонун бардык деңгээлин баса алган заманбап жабдыктар сатылып алынды.

2024-жылга чейин кыргыз банкнотун даярдоо жана жеткирүүдө Улуттук банктын жылдык чыгашасы 584 млн сомдун тегерегинде болгон. Эми акча өзүбүздөн чыкса, миллиондогон каражат да сыртка чыкпай, бюджетте калары турган иш. Буга кошумча, биздин өлкө алдыда өз валютасын эле эмес, башка өлкөлөрдүн банкнотторун да даярдап, кошумча кирешеге чыга алат. Бул үчүн Кыргызстан атайын эл аралык сертификат алды.

Буга чейин, 2023-жылы улуттук паспорттун Кыргызстанда басыла баштаганы белгилүү. Бул процессти колго алуу менен биздин өлкө өзүнө ишенимди бекемдей алды. Эгемендик алгандан бери улуттук валютадай эле, кыргыз паспортунун бланктарын да чет өлкөлүк компаниялар чыгарып келген. Бул процесс бланктардын жетишсиздиги, соттук териштирүүлөр, тендер боюнча сындар, жасалма паспорттордун көбөйүүсү жана "паспорт мафиясына" байланыштуу чоң жаңжалдар менен коштолуп келгени маалым. Алардын эң ириси 2019-жылдагы окуя. Анда Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялап, аны литвалык компания утуп алган. Процесс мыйзам бузуулар менен өткөнү, Каттоо кызматынын жетекчилери литвалыктар менен жең ичинен сүйлөшүп, миллиондогон долларлар ашыкча төлөнгөнү, ортомчулардын жеке акчалай кызыкчылыгы жана коррупциялык иштери ачыкталган. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматынын башчыларына кылмыш иши козголгон. Бул арада коомчулукта бүткүл кыргызстандыктардын паспортко жазылуучу жеке маалыматтарынын чет элдик компаниялардын колуна тийип калышы талкуу жараткан. Бул улуттук коопсуздук маселеси экени айтпаса да белгилүү.

2023–2024-жылдардын башында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен паспортко кагаз сатып алуудан баштап, чипти орнотууга чейинки иштин баарын Кыргызстан өзү аткарып келет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан мамлекеттик документтерди жана улуттук валютаны өз аймагында чыгара турган мүмкүнчүлүккө жетти. Мындан ары биз ички муктаждыкты толук камсыз кылуу менен бирге башка мамлекеттердин да буйрутмаларын аткарууга жөндөмдүү болобуз.

Бул кономикалык пайда эле эмес, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана эл аралык аброюн бекемдеген чечим.

WhatsApp Image 2026-03-30 at 17.38.26 (1).jpeg

Мындай пикирин УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов соцтармактардагы баракчасында билдирди.

"Улуттук валютабыз тарыхта алгачкы жолу өзүбүздө басыла баштаганы тууралуу кабарды чоң канааттануу менен кабыл алдым. Мындан үч жыл мурда өзүбүздүн улуттук паспортторубуз чыгарыла баштаган эле. Бул жөн гана өндүрүштүк жетишкендик эмес, мамлекеттин чыныгы саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын бекемдеген, улуттук коопсуздукту камсыз кылган стратегиялык чечим.

Мамлекеттик маанидеги документтерди жана баалуу кагаздарды (банкнот, паспорт, акциздик марка жана башка корголгон продукцияларды) өлкө ичинде чыгаруу демилгеси Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери ар кандай деңгээлде көтөрүлүп келген. 2014-жылы мен өкмөттө иштеп жаткан атайын жумушчу топтун курамында бул маселени ар тараптуу изилдөөгө катышкам.

Тилекке каршы, узак жылдар бою "паспорттук мафиянын" таасири өтө күчтүү болуп, бул багыттагы аракеттер ар кандай шылтоолор менен токтотулуп келген. Мурдагы өлкө жетекчилеринин саясий эрки жетишсиз болуп, мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул чечим ишке ашпай келген. Натыйжада паспорттор, улуттук сомубуз жана башка маанилүү документтер чет өлкөлөрдө басылып, мамлекеттик бюджеттен ири каражаттар сыртка агып келген", — деп билдирди Идрис Кадыркулов.

Кыргыз сому, паспорт, ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана башка маанилүү документтерди даярдоонун бардык баскычтары Кыргызстанда өтүп, мамлекеттин көзөмөлүндө болуусу купуя маалыматтын сыртка чыгып кетүү коркунучун жана чет элдик компанияларга чыгашаны азайта турганын экономист Искендер Шаршеев да белгиледи.

WhatsApp Image 2026-03-30 at 17.38.26.jpeg

Анын айтымында, акчаны өз күчүбүз менен басып чыгаруу Кыргызстанга экономикалык эгемендүүлүктү, каржылык коопсуздукту жана кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгүн берет. Эми инфляцияга жол бербей турган жагдайларды күчтөндүрүү зарыл.

"Бул кадам Улуттук банктын акча-кредит саясатынын маңызын өзгөртпөйт, бирок анын натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын кыйла күчөтөт. Акча чыгаруу боюнча чечим мурдагыдай эле толугу менен Улуттук банктын көзөмөлүндө калат, башкача айтканда, басып чыгаруу саясат эмес, техникалык аткаруу милдетин гана аткарат.

Бирок өз базабызда өндүрүү мүмкүнчүлүгү накталай акчага болгон суроо-талап өзгөргөн учурда тез чара көрүүгө, эскирген купюраларды ыкчам алмаштырууга жана жүгүртүүдөгү акчанын көлөмүн так башкарууга жардам берет. Ошондой эле эмиссияга кеткен чыгымдардын азайышы, сомдун корголушунун күчөшү жана жеткирүү чынжырынын толук ички көзөмөлдө болушу улуттук валютага болгон ишенимди бекемдейт.

Натыйжада Улуттук банк баалардын туруктуулугун, сомдун курсун жана банк тутумундагы ликвиддүүлүктү мурдагыдан да ишенимдүү, үнөмдүү жана көз карандысыз шартта жүргүзө алат. Менин өлкөдөгү бардык кадыр-барктуу адамдарга жана Улуттук банкка, акча-кредит саясаты үчүн жооптуу болгондордун баарына чоң өтүнүчүм бар: балансты сактоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасап, акча массасынын экономикалык өнүгүү темпинен ашып кеткен өлчөмдө көбөйүшүнө жол бербешибиз керек, болбосо инфляция абдан күчтүү болот", — деп эскертти экономист Искендер Шаршеев.