Президент Иш башкармалыкка карата айтылган сөздөргө жооп берди

Президент Загрузка... 08 Май 2026 10:30
690637768_26631699189804970_9133772291071294364_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Көгүлтүр Ысык –Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.

“Жогорку Кеңеш деген бар, министрлер кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу. Кантип эле баары Иш башкармалыгынын көзүн карап калсын", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ошондой эле Садыр Жапаров Санариптик өнүгүү министрлигинин Иш башкармалыкка өткөнүн айтып, өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болсо да, алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгына токтолуп өттү.

"Санариптик өнүгүү министрлигинин айрым мекемелерин Иш башкармалыкка берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады. Натыйжада ал министрликти жоюп, анын айрым функцияларын Иш башкармалыкка өткөзүп бердик. Министрлик болуп турганда бюрократия болот экен, же президентке чейин андан ылдый көз карандылык болот экен, муну да туура түшүнүү керек", - деп айтты өлкө башчысы.