Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун медалы менен сыйлады.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, медалды уюмдун башкы катчысы Султан Раев тапшырды. Жолугушууда эки тараптуу маданий кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 28-30-майында Ошто кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдык маарекесин жана анын урматына “Биринчи түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын поэзия фестивалын” жогорку деңгээлде өткөрүү маселесин сүйлөшүштү.
Султан Раев Элчибек Жантаевди улуттук маданиятты, адабиятты жогору баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал эми Ош облусунун башчысы ТҮРКСОЙ уюмунун башеы катчысы Султан Раев менен жолугушууну кубануу менен белгилеп, маданий иш-чараны өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.