Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында “Колхоз төрагасы” деп аталган ретро-стилдеги конок үйү иш алып барат. Бала кездеги чоң энесинин жылуулугун, айылдагы чоң атасынын үйүн сагынгандар бул жерден ошол өзгөчө атмосфераны таба алышат.

Бул үй өзүнө бир нече муундун тарыхын сактап турат. Ал 1963-жылы азыркы кожоюндарынын чоң атасы тарабынан курулган жана ал бүгүнкү күнгө чейин үй-бүлөлүк очоктун жылуулугун “эске салып” турат. Анда алигиче чоң эненин кол өнөрчүлүк менен жасаган буюмдары сакталып калган. Ал буюмдар үйгө өзгөчө, дээрлик музейдегидей жылуу атмосфера тартуулап турат. Конок үйүнүн башкы идеясы — жөн гана туристтерди жайгаштыруу эмес, аларды толугу менен өткөн доордун атмосферасына киргизүү.
“Биз эч нерсени өзгөртпөөгө жана советтик доордун духун сактап калууга аракет кылдык. Бул жерде заманбап техника жок, атүгүл телевизор да жок. Терезелер мурдагыдай эле жыгач бойдон калды. Биз үйдү жыл сайын актап, жаңылап турабыз. Чет элдик коноктор үчүн мындай аутенттүүлүк өзгөчө кызыгууну жаратат”,- деп билдирди “Кабар” агенттигине үй ээси Жылдыз Азаматова.

Конок үйү 2-3 адамга ылайыкталган жайлуу бөлмөлөрдү сунуштап, үй шартындагы эртең мененки тамак берилет. Экологиялык таза материалдардан курулган бул жай ар бир келген адамга жөнөкөйлүк менен табиятка болгон жакындыкты сездирет. Ал эми тоолорго ачылган кооз көрүнүштөр менен таза аба эс алууну чындап өзгөчө кылат.
Коноктор короодон өз колу менен өрүк терип жей алышат. Ошондой эле бул жерде мастер-класстар уюштурулуп, нан бышыруу жана нукура курут жасоо сыяктуу ашкана сырлары үйрөтүлөт.
Бул үйгө болгон кызыгуу жыл сайын өсүүдө. Буга чейин аны дүйнөнүн 8–9 өлкөсүнөн келген коноктор көрүп кетишкен. Ал эми кыргызстандыктар үчүн бул жер балалыкка кайтып баргандай таасир калтырып, көпчүлүк бул жерден өздөрүнүн чоң ата, чоң энелеринин үйлөрүн, бейкапар өткөн күндөрүн кайрадан эстей алышат.

Үйдүн бир бурчунда анын мурунку ээси - чоң атанын сүрөттөрү жана өмүр таржымалы тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Чет элдик туристтер бул материалдарды кызыгуу менен карап чыгышат. Келечекте аларды англис тилине которуу пландалууда.
“Колхоздун төрагасы” бүгүнкү күндө жөн гана конок үйү эмес, өткөн доордун жандуу атмосферасын сактаган өзгөчө жай болуп саналат. Бул жерде убакыт жай-баракат өтүп жаткандай сезилип, өткөн менен бүгүнкү күн бири-бирине айкалышып турат.