Өрт жана жол кырсыгы: Жарандар камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 20:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Алия Уланованын эки бөлмөлүү батири ушул жылдын май айында чыккан өрттөн жабыркаган. Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ага 792 миң 300 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн тапшырды. Сертификат “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тапшырылды.

Алия Уланованын айтымында, ал батирин былтыр камсыздандырган. Бирок камсыздандыруу чындап эле жардам берет деп ойлогон эмес.

“9-май күнү эки бөлмөлүү батирибиз өрттөнүп кетти. Үйүмдү камсыздандырганда мындай көлөмдө төлөм алам деп күткөн эмесмин. Кырсык болгондон кийин тиешелүү документтерди тапшырып, бүгүн камсыздандыруу төлөмүн алып жатам. Ошондуктан бардык жарандарды турак жайларын алдын ала камсыздандырууга чакырам”, - деди ал.

Бүгүн камсыздандыруу төлөмүнүн сертификатын алган жарандардын арасында Бишкек шаарынын тургуну Кутманбек Махамат уулу да болду. Анын унаасы 23-июнда жол-транспорт кырсыгына кабылган.

Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмү эки айга чейин созулат деп ойлошкон. Бирок каражат кыйла кыска мөөнөттө берилген.

“Төлөмдү эки айда алабыз деп укканбыз. Бирок бардык жол-жоболор тез бүткөрүлүп, беш күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмүн алдык”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы жарандарга 3,1 млн сомдук кенемте төлөп берди.