Садыр Жапаров "Рух Ордодо" Пакистандын президентине комуз белек кылды

Президент Загрузка... 07 Июль 2026 09:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан "Рух Ордо" маданий борборуна барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз элинин бай маданий мурасы менен таанышышты. Ысык-Көлдүн кооз жээгинде Кыргызстандын улуттук өнөрүнүн башкы символдорунун бири болгон комуздун күүлөрү жаңырды.

Урмат-сыйдын жана достуктун белгиси катары Садыр Жапаров Асиф Али Зардариге кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы – комузду белекке тапшырды.