Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Учурда Салык кызматы тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы менен декларациялык компания башталды. Бул тууралуу Салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын декларация бөлүмүнүн инспектору Токтобек Батыржанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 1-апрелге чейин мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарды кошпогондо ата мекендик уюмдар, Кыргызстандын аймагында иш алып барган чет өлкөлүк уюмдар, мамлекеттик муниципалдык жана атайын жеке жактар декларация тапшырууга милдеттендирилген.
“Ал эми тийиштүү жеке ишкерлер жана жеке жактар Бирдиктүү салык декларациясын 1-майга чейин тапшырууга милдеттүү. Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга чакырам”,- деди Батыржанов.