Сауд Аравия Кыргызстанга жаңы элчисин дайындады

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 11:15
730498113_1542323610617336_277440561093629801_n.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Ияд бин Гази Хакимди кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-сауд мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Кулубаев эки өлкө ортосундагы активдүү саясий диалогду колдоо жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

730760613_1605392667771838_6176648232500679143_n

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Ияд бин Гази Хаким Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, кыргыз-сауд кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев жаңы элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди жана демилгелерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.