ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: Коопсуздук үчүн санариптик системалар ишке кирет

Коом Загрузка... 02 Апрель 2026 16:35
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.22.11.jpeg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу алкагында онлайн жыйын өттү.

ИИМден билдиришкендей, жыйынга ИИМ жетекчилиги, президенттин администрациясынын, мэриялардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана телекоммуникациялык ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын негизги темасы — коомдук коопсуздукту күчөтүү үчүн республика боюнча сырткы видеобайкоо камераларынын санын көбөйтүү маселеси болду.

"Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында республика боюнча миңдеген жаңы камераларды орнотуу мерчемделүүдө. Бул санариптик система кылмыштуулуктун алдын алууга, жол кыймылын көзөмөлдөөгө жана тартипти сактоого багытталган.

"Алдыдагы ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган аймактарга өзгөчө көңүл бурулат. Видеобайкоо системасы коноктордун жана жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздайт",-деп айтылат маалыматта.