Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) негизделгендигинин 25 жылдыгын белгилөөдө.
Буга байланыштуу бүгүн, 3-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда карагай отургузуу аземи өттү.
Ошондой эле бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында эксперттердин жыйыны жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин жетинчи кеңешмеси өтөт.